Россияда мобилизациядан качып чет өлкөгө кеткендердин жашоосу кыйындашы мүмкүн

Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, качып кеткендердин жашоосун татаалдаштыруу каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. РФтин Федерация кеңешинин Мамкурулуш жана конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин башчысы Андрей Клишас жарым-жартылай мобилизация башталгандан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен жарандарга чектөө киргизилиши мүмкүн экенин айтты. Бул туурасында "Ведомости" гезити жазды.
"Качып кеткендердин көпчүлүгү россиялык компанияларда аралыктан иштеп жатышат. Бул жаатта мыйзамды өзгөртүп, чет өлкөдө отуруп иштеп, бирок акчаны алып жаткан схемаларга чектөө киргизе алабызбы? Андай колубуздан келет. Алар салыктын баарын толук төгүп жатабы же жокпу, билбейбиз да", — деди сенатор.
Гезиттин маалыматына ылайык, Клишас чет мамлекетте жүрүү аларга ыңгайлуу болбой тургандай кылып мыйзамдарга өзгөртүү киргизилерин айтып, бирок кандай чаралар колдонуларын ачыктаган эмес. Сенатор экономиканын аялуу катмарындагы, анын ичинде транспорт коопсуздугу жана мамлекеттик сектордогу кызматкерлердин сырттан иштешине чектөө киргизүү зарыл деп эсептейт.
Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу 28-октябрда 300 миң адамды тартуу тапшырмасы толук аткарылып, мобилизациялык иштер аяктаганын жарыялаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: мобилизация болгондордун санын өз ыктыяры менен келгендер көбөйттү