БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен эл аралык деңгээлдеги заманбап кардиохирургиялык клиника курулуп жатат. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
Клиниканын курулушуна РКӨФ 1,5 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлгөн. Каражат берген тарап бул долбоор жаңы технологияларды тартып, Кыргызстандагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатып жана улуттук саламаттык сактоо тармагын өнүгүүнүн жаңы этабына алып чыгарына ишенерин билдирген.
Маалыматта оорукана үчүн жогорку технологиялык медициналык жабдуулар сатып алынары айтылды. Ошондой эле Россия, Түркия, Германия жана Кыргызстандан квалификациялуу адистер тартылмакчы. Мекемеде жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын аныктоо жана дарылоо, чоңдор жана балдар үчүн татаал кардиохирургиялык операциялар жасалат.
Статистика боюнча улуттук комитет кыргызстандыктардын өмүрүн алган илдеттердин сап башында жүрөк кан-тамыр оорулары турарын, сандар менен алганда, жалпы өлгөндөрдүн 51 пайызын түзөрүн билдирген.