Монголиянын борборунда миңдеген адам нааразылыкка чыкты. Учурдагы абал

Монголиянын өкмөтү дипломатиялык каналдар аркылуу көмүр боюнча иликтөөгө Кытай бийлигинин кийлигишүүсүн суранган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Монголиянын борбору Улан-Батордогу өкмөт сарайынын алдында бир нече миңдеген адамдардын катышуусунда нааразычылык акциясы болууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
News.mn басылмасы элдин нааразычылыгы 1,8 миллиард долларга бааланган көмүрдүн аткаминерлер тарабынан уурдалганы тууралуу маалыматтан улам жаралганын билдирген.
Митингдер үч күндөн бери уланып, анын катышуучулары күндөн-күнгө “агрессивдүү” болуп баратканы айтылат.
Улан-Батордогу нааразычылык акциялары ири көлөмдөгү көмүрдүн уурдалганы тууралуу маалыматтан кийин башталган. Бейрасмий маалымат булактарына ылайык, кеп баасы 60 триллион тугрик (1,8 миллиард доллар) болгон 6,5 миллион тонна көмүр жөнүндө болууда.
Юстиция министрлиги билдиргендей, Монголиянын өкмөтү дипломатиялык каналдар аркылуу көмүр боюнча иликтөөгө Кытай бийлигинин кийлигишүүсүн суранган.
Монголия өзүнүн экспортунун 86 пайызын Кытайга жөнөтөт. Бул көрсөткүчтүн жарымынан көбүн көмүр түзөт.
2022-жылдын тогуз айына карата Монголиядан экспорттолгон көмүрдүн наркы 6,5 миллиард долларга чейин өскөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик үч эсеге көп.
Эсеп палатасы: "Кумтөрдү" беш ай текшердик, 4,5 млрд. сомдук зыян аныкталды