БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон россиялык кесиптеши Владимир Путин менен түз байланышууну колдойт жана сүйлөшүүнү Украинанын айланасындагы кырдаалды жайгаруунун жападан жалгыз жолу деп эсептейт. Бул туурасында ал америкалык CBS News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мен ар дайым талаш маселени көпчүлүктүн катышуусу менен эркин талкуулоону жана президент Путин менен түз байланышууну жактайм. Себеби өз ара иштешүүнү жандантуунун эң туура ыкмасы — түз байланышты сактоо. Азыркы кырдаалды украиндер чечиши керек, бир мунасага келүүнүн жападан жалгыз жолу — сүйлөшүү. Мен аскердик варианттарды көрө албай турам", — деп айткан Макрон.
Ошондой эле Франциянын президенти россиялык лидердин Батыш "Россияны жок кылууга" аракет кылып жатат деп эсептеп жатканын белгиледи.
"Мындай кадам жасоого аракет кылбайбыз деп ойлойм. Биз, француздар, эч качан андайга барбайбыз. Анан калса биздин маданий жана тарыхый жактан өтө тыгыз байланышыбыз бар. Биз ар дайым Россия элин урматтап келгенбиз", — деди Макрон.
Россия 24-февралда Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган.