БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын чек арадан өтүү жол-жобосун жеңилдетүү максатында протоколдун долбоору сунушталды. Аталган демилгени Тышкы иштер министрлиги көтөрүп, ЖКнын эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кароосуна алып келди.
Министрдин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, эки өлкө тең биометрикалык паспортторду колдонууга өткөндүктөн жарандарга ID-карта менен кирип-чыгууга, белгиленген мөөнөттө жүрүүгө уруксат берилиши керек. Мурда жалпы жарандык паспорт менен гана өтүп келишкен. Ал эми 16 жашка чыга элек балдарды буга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркелген кошумча кагаз менен алып өтүшчү, азыр ал норма алып салынып, балдарга берилчү жалпы жарандык паспорт колдонулат.
Аталган макулдашууга ушул жумада Өзбекстандын президент Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде кол коюлары күтүлүүдө.
Артыкбаев бул протоколго кол коюу эки өлкөнүн жарандарынын өз ара барып келүүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзөрүн белгиледи.