Кыргызстандык Москвада өткөн "Романсиада" сынагында жеңүүчү болду

Өнөр таймаштын финалы кечээ Россиянын борборунда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Кубанычбек Атамбаев орус романстарынын аткаруучуларынын Москвада болгон "Романсиада" сынагында III орунду алды. Бул туурасында Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
Ал студент буга чейин Бишкекте октябрь айында өткөн "Борбор азиялык романсиада" сынагында жеңген эле.
Кечээ Москвада өткөн жаш аткаруучулар жарышында гран-приге Өзбекстандан келген Дониёр Алимов татыган.
1 / 2

Кечээ Москвада өткөн жаш аткаруучулар жарышында гран-приге Өзбекстандан келген Дониёр Алимов татыган

2 / 2

Россиянын эмгек сиңирген артисти, сынактын көркөм жетекчиси Галина Преображенскаянын айтымында, "Романсиада" — вокал боюнча эң татаал конкурстардын бири

Россиянын эмгек сиңирген артисти, сынактын көркөм жетекчиси Галина Преображенскаянын айтымында, "Романсиада" — вокал боюнча эң татаал конкурстардын бири.
"Москвага ар кыл өлкөлөрдөн тандалган мыкты делген аткаруучулар келет. Биздин түптөлгөнүбүзгө бир топ жыл болуп калды. Бул мезгил ичинде көптөрдүн талантын ачтык, "Романсиада" аймагы кеңейди. Бирок башкы нерсе, жаш муундарга муну жеткирүүүгө кылган аракетибиз, искусствого, орус романстарына болгон сүйүү кала берет", — деген ал.
Сынакка Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Түштүк Корея жана Өзбекстандан баш-аягы болуп 12 жаш аткаруучу чыккан.
Алардын талантына Россиянын эл артисти Юрий Веденеев башында турган эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баасын берген. Булардын ичинде "Борбор азиялык романсиаданын" көркөм жетекчиси, "Русский дом" уюмунун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов да болду.
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти кандай өттү. Видео