Кыргызстан Беларусь менен таштандыны кайра иштетүүчү долбоор иштеп чыгууда

Беларусь компаниясы тажрыйбасы менен бөлүшө турганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары министрлигинде Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко жана "Сифания-Экотехника" унитардык ишканасынын директорунун орун басары Александр Соболевскийдин жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, таштанды чыгаруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Натыйжада Жаратылыш ресурстар министрлиги менен "Сифания-Экотехника" ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кыргызстандын аймагында катуу тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыгууда.
Беларусь компаниясы өндүрүш жана тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн жогорку технологиялык концепциясын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Бишкекте таштандыны өз-өзүнчө ылгаган жай пайда болот. Мөөнөтү