Радио

Кызматтан мыйзам бузуп бошотулса, ишке кайра алынбашы мүмкүн. Жаңы долбоор

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Үсөналиева "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзам өзгөртүлүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан терс жагдайлар менен кеткендердин "кара тизмеси" түзүлөт. Бул тууралуу Бактыгүл Үсөналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган.
"Министрлер кабинетинин 2026-жылга карата улуттук өнүгүү программасынын негизинде "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, кызматтан терс негиздер менен кеткендер кайра мамлекеттик жана муниципалдык кызматка келе албайт. Бирок аталган мыйзам долбоору административдик кызмат ордун ээлегендерге гана жайылтылат. Башкача айтканда, аталган мыйзам саясий кызматтагыларга тиешелүү эмес. Ал эми административдик кызматка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген адис, бөлүм башчы, башкармалыктын башчысы кирет. Ал эми жетекчилик орундар саясий кызмат болуп саналат", — деди Үсөналиева.
Ошондой эле ал бул мыйзам айыл өкмөт, мэрлерге жайылтылбасын кошумчалады.