Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкидеги чиркөө украин аскерлеринин аткылоосуна кабылды. Видео

Украин аскерлеринин Донецкинин борбордук районун аткылоосунан улам эки жарандык объект өрттөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Донецкидеги Христостун чиркөөсү украин аскерлеринин аткылоосуна кабылганын РИА Новости кабарлады.
Агенттиктин Telegram каналы окуядан кийинки көрүнүштүн видеосун жарыялады.
Буга чейин Украинанын согуштук кылмыштарын көзөмөлдөө жана координациялоо боюнча биргелешкен борборундагы Донецк Эл Республикасынын өкүлдөрү саат 3:49да украин аскерлери тарабынан Донецкинин борбордук Ворошилов районуна "Град" реактивдүү тутумунан 10 ракета учурулганын кабарлаган.
РИА Новости кабарчысынын маалыматына таянсак, мунун кесепетинен шаардын борборундагы эки жарандык объект өрттөнгөн. Ошондой эле аткылоо учурунда Артем көчөсү менен Труд проспектинин кесилишиндеги Христостун чиркөөсүнүн имараты жабыркаган. Имараттын чатыры жана фасады жарым-жартылай кулаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дүйнөлүк банк: жыл аягына чейин Украинадагы жакырлардын саны 8 миллионго жетет