Баткен шаарында жана Лейлекте жаңы оорукана, өлүкканалар курулат

Медициналык мекемелер облустун борборуна жана районго салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Баткен облусуна бир нече оорукана курулат. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова парламенттин тармактык комитетинде билдирди.
Анын айтымында, Баткен шаарында облустук жана Лейлек районуна өзүнчө өлүккана куруу пландалууда. Ошондой эле Ош шаарындагы бул жайдын имараты да жаңыдан салынат.
"Бул долбоорлор Кызыл Ай коому аркылуу ишке ашырылат. Муздаткычтары менен кошо алып беришет", — деди министр.
Мындан сырткары, Баатырова Катар фондунун колдоосу менен Лейлек районуна жаңы оорукана курула турганын белгиледи. Аны менен катар Баткен облустук ооруканага дагы жаңы имарат тургузуу 2023-жылдын бюджетине киргизилгенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча имараттар курулат