БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Украинада мобилизацияланып аскерге келгендер дээрлик машыктырылбайт, курал колдонууну үйрөнүү бир күндө бир-эки жолу полигонго чыгуу менен чектелет. Бул тууралуу туткундагы украиналык аскерлер РИА Новости агенттигине курган маегинде айтып беришкен.
Алардын айтымында, айрымдары туткунга түшкөнгө чейин үч эле ок атып көргөн. Туткундардын бири Александар Павленко өзүнүн аскердик даярдыгын беш баллдык көрсөткүч менен алганда бир деп баалай тургандыгын айтты.
Украинанын Сумы шаарынан мобилизацияланган Максим Писарев аны менен чогуу кызмат өтөгөндөр деле негизинен окоп казуу менен алек болушканын билдирген.
"Мен ашпоздун жумушун аткарчумун, дайыма тамак даярдачумун, жарым жыл ичинде болгону 11 ок атып көрдүм... Ок атуу даярдыгына бир жолу бардым, экинчи жолкусунда барган жокмун, биздин аскердик бөлүктөгүлөр экинчи жолкусунда он чактыдан ок атышыптыр. Жарым жыл ичинде болгон даярдык ушул эле", — деген Писарев.
Украинада мобилизацияланып аскерге кабыл алынган Виталий Мартыненко алардын аскердик бөлүгү негизинен Сумск облусуна окоп казып, блиндаж курууга барышканын айткан. Ал эми автоматтан бир эле жолу атып көргөн.
Туткундагы аскер Александр Калиновский да алты ай ичинде бир эле жолу автоматтан атканды үйрөнгөн.
"Бир жолу аттым. Төрт ок кайда кетти түшүнбөй калдым, жети ок таамай тийген. Ушул эле", — деген Калиновский.
Олег Попов туткундагы украиналык аскер. Ал аскердик иштерге даярдоо процессинин баары Советтер Союзу кезиндеги окуу китептер менен өткөнүн, бирок башында командирлер куралдан ок атууну үйрөтүү боюнча масштабдуу окутуулар болорун, бул үчүн ок-дары жетиштүү экенин айтышканын билдирген.
"Ок-дары, баары жетиштүү, ок атуу боюнча көп окуулар болот деп убадалашкан. Бирок биз даярдыктарга өтө аз чыктык. Беш жолу атуу даярдыгына бардык, баары түн ичинде болду, 10-15тен ок атканбыз", — деген ал.
Ал эми Сергей Роменский: "Мобилизацияга алышкандан кийин эле Сумыга алып кетишти, ошондо болгону үч жолу ок аттым. Батальон түзүлүп жатканда бизди ок атуу полигонуна алып барышкан, үч ок аттым", — деген.