Евробиримдик Россия нефтиси боюнча аныкталган баага акырындык менен өтөт

Буга чейин Владимир Путин өлкөнүн кызыкчылыгына каршы Россия чет өлкөгө эч нерсе сатпайт деп билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Еврокомиссия Россия нефтине карата Евробиримдикке кирген мамлекеттер макулдашылган баага акырындык менен өтөт деген маалымат таратты.
"Белгиленген баага өтүү акырындык менен жүрөт. Бул чектелгенден кымбат баада сатып алынган жана кемеге 5-декабрда жүктөлүп, 2023-жылдын 19-январында түшүрүлө турган мунайга карата колдонулбайт", — деп жазылат документте.
Ошондой эле анда Евробиримдик атайын чектелген нарктан кымбат баада Россиянын мунайын ташыган кемелерди 90 күнгө камсыздандыруудан жана каржылоодон ажыратуу ниетинде экендиги белгиленген.
Нарктык чекти кароодо Брюссель аны рыноктогу баадан беш пайызга арзан коюуну пландаган.
Буга чейин европалык жогорку кызматтагы аткаминер Брюссель Россия нефтисинин баасын белгилөөнү биринчи жолу кароону 2023-жылдын орто ченине пландаганын билдирген. Ал мындай процедура ар эки ай сайын кайталанып, Евробиримдик ичинде катарлаш жүрөрүн жана "Чоң жетилик" өлкөлөр арасындагы келишимдин алкагында болорун түшүндүргөн. Муну менен катар эле маселени талкуулоо пикир келишпестиктерсиз өтпөй турганын моюндап, бирок санкциялардын эффективдүүлүгүнө бул принципиалдуу түрдө таасир бере албай тургандыгын белгилеген.
Жакын арада Евробиримдик, анын артынан эле "Чоң жетилик" жана Австралия Россиядан чыккан мунайдын баасын баррелине 60 доллар деп сүйлөшүшкөн. Нефтини деңиз аркылуу жеткирүүнүн мындай баасы 5 декабрда күчүнө кирет.
Президент Владимир Путин бул демилге боюнча комментарий берип, Россия өзүнүн кызыкчылыгына каршы чет өлкөгө эч нерсе сатпай турганын айткан.
Песков: Россия нефти боюнча аныкталып коюлган бааны кабыл албайт