Путин Бишкекке ЕАЭБдин саммитине келет

ЕАЭБ лидерлеринин жыйыны Бишкекте 9-декабрда өтөт. Быйыл бирикмеге Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин алдыдагы аптада Бишкекке Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине катышуу үчүн учуп келет.
Бул тууралуу "Россия 1" каналынын "Москва. Кремль. Путин" программасынын алып баруучусу Павел Зарубин өз Telegram каналына жазды. Ал РФ лидеринин кийинки жумага болгон болжолдуу расписаниесин жарыялаган, билдирүүдө Кыргызстанга сапар белгиленген.
Эскерте кетсек, ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Путин Германияны Украинадагы окуялардан кийин мамилени карап чыгууга чакырды