Ош облусунда бул жумада аба ырайы кандай болору айтылды

Апта ичинде -10 градуска чейин суук болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Ош облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 5-декабрдан 9уна чейин айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле туман түшөрү айтылды. 10-11-декабрь күндөрү жаан-чачын болбойт.
Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Апта ичинде -10 градуска чейин суук болот.
Өзгөрүп турат. Алдыдагы аптага карата Кыргызстан боюнча аба ырайы