Бүгүн Москва романсиадасынын финалы болуп, ага кыргызстандык ырчы катышат. Сааты

Сынакты күйөрмандар "Русский мир" YouTube-каналынан Бишкек убактысы менен алганда саат 15:00дө көрө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бүгүн Москвада орус романстарынын жаш аткаруучуларынан XXVI Москва эл аралык сынагы болот. Бул тууралуу Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
Кыргызстандан бул финалга Улуттук консерваториянын студенти Кубанычбек Атамбаев катышат. Ал Бишкекте, октябрь айында өткөн борбор азиялык романсиада сынагынын жеңүүчүсү болгон. Финалга Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түштүк Корея жана Өзбекстандан жаш аткаруучулар чыккан.
Финалисттер романстын үч түрүн аткарышат. Кыргызстандык Кубанычбек биринчи турда Сергей Рахманиновдун "Пора!", экинчисинде Виктор Фридмандын музыкасына жазылган "Я вас прошу уйти" жана акыркысында белгисиз автордун "Гитара семиструнная" чыгармасын көрүүчүлөргө тартуулайт.
Сынакты күйөрмандар "Русский мир" YouTube-каналынан Бишкек убактысы менен алганда саат 15:00дө көрө алат. Ал эми гала-концерт саат 21:30да болот.
Эл аралык жюринин курамында борбор азиялык романсиаданын көркөм жетекчиси, "Русский дом" уюмунун маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов бар.
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти кандай өттү. Видео