Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2024-жылдарга карата Stipendium Hungaricum программасынын алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумуна ылайык, 2023-2024-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алууга сынактык тандоо башталды. Бул тууралуу Айзаада Апышева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, программа Венгриянын университетинде окуу акысын толук камсыздайт жана ай сайын 130 (бакалавр жана аспиранттар) же 450-580 евро (докторанттар) стипендия берилет.
"Жыл сайын меморандумга ылайык, Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында Кыргызстандын жарандарынын Венгриянын ЖОЖдорунда венгр же англис тилдеринде билим алуусу үчүн гранттар бөлүнөт (бакалавр, бир деңгээлдүү магистратура программасы, магистратура жана докторантура). Stipendium Hungaricum – Венгриянын университеттеринде билим алууга мүмкүндүк берген Венгрия өкмөтүнүн стипендиялык программасы. Стипендия Европада жогорку билимге жана уникалдуу эл аралык тажрыйбага ээ болуу үчүн өзгөчө шарт түзөт. 2023-2024-окуу жылы Венгрия Кыргызстандын жарандары үчүн 200дөй квота берди. Каттоо жана сынакка катышуу акысыз. Программа Билим берүү жана илим министрлигинин "Темпус" коомдук фонду менен түз кызматташуусу менен ишке ашырылат. Андыктан башка агенттиктер аркылуу окууга тапшырып жана алардын кызматтары үчүн акча төлөбөӊүздөр. Окууга тапшыруу үчүн документтерди чогултуу жана аларды тиркөө ар бир адамдын колунан келет. Алдын ала сынактык тандоого Кыргыз Республикасынын жарандары, 2005-жылдын 31-августуна чейин туулган талапкерлер, башкача айтканда, 2023-жылдын 31-августуна карата 18 жашка толгон жарандар катыша алат. Стипендия программасына катышуу тууралуу иш күндөрү (0312) 625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу маалымат алууга, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан (https://edu.gov.kg/announcements/172/) талаптар менен таанышса болот", — деди Апышева.
Ал виза алуу, ошондой эле транспорттук жана башка чыгымдарды стипендиялык программанын катышуучулары өздөрү каржылай турганын кошумчалады.