Радио

Асанакунова: жеке театрдын эксперименттерди колдонушу жакты

Кино жана театр актрисасы Бегайым Асанакунова кандай болгон күндө да билими бар актерлор ролун жеткиликтүү ачып берерин айтты.
Sputnik
Киного караганда театрга барган жагат. Кинонун да, театрдын өзгөчө атмосферасы бар, ошентсе да театрда жалаң гана билими бар, тажрыйбалуу актерлор ойношот. Мындай пикирин актриса Бегайым Асанакунова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кинодо да, театрда да өзгөчө атмосфера бар.
"Жеке пикиримде, киного барганга караганда театрга барган абдан сонун. Анткени театрда жалаң гана тажрыйбалуу, билими бар актерлор ойношот. Албетте кинонун да, театрдын өзгөчө атмосферасы бар. Бирок тасмаларга билими бары дагы, жогу дагы тартылып жатат. Кандай болгон учурда да билими бар актерлер ролун жеткиликтүү ачып берет деп ойлойм. Ал эми билими жок, бирок аткарган ролун мыкты ачып бергендер өтө аз. Кайсы бир жеринен көпчүлүк учурда кемчиликтери көрүнүп калат. Жеке мага билимдүү, профессионал актрисалардын тасмаларын көргөн жагат. Келечекте психологияга байланышкан ролдорду ойноп көргүм келет. Буга чейин жалаң гана жакшы кыздын образдарын жаратып келе жатсам, алдыда терс каармандын да ролун аткарганды каалайм. Учурда жеке театрда иштеп жатам. Ал жакта ар кандай эксперименттердин колдонулушу жакты. Башка театрларда да спектаклдерге музыка, анимация сыяктуу жаңычылдыктар көп болсо дейм", — деди актриса.
Ал ошондой эле буга чейин үч жолу кастингге катышып, үчөөнөн тең ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.