"Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдарын" тарткан Нуртай Борбиевди эскерип...

Белгилүү кинорежиссер, оператор Нуртай Борбиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги киночуну эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Фрунзе облусундагы Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Искусство институтун кинорежиссерлук боюнча актаган. Андан соң "Кыргызфильмге" оператордун жардамчысы болуп ишке алынып, бара-бара "Советтик Кыргызстан" киножурналына сюжеттерди тарта баштайт. Кийин "Мурас", "Бак", "Манасчы", "Кыргызстандын койчулары", "Тынчсыздануу", "Дунгандар", "Чаткал", "Кадыржан", "Гүлдастан" даректүү тасмаларына оператор болгон.
Ошондой эле таланттуу киночу "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Шаркыратма", "Азиат", "Маңкурт" көркөм кинофильмдерин камерага түшүргөн.
Кыргыз эл артисти 2019-жылы 8-июнда узакка созулган оорудан улам 82 жашында көз жумган.
1 / 14

Нуртай Борбиев эмгек жолун киностудияда оператордун жардамчысы болуп баштаган

2 / 14

Кинорежиссер Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасында стоматологдун ролун аткарган

3 / 14

Тажрыйба топтогон жылдары даректүү тасмаларды камерага түшүрүп калган

4 / 14

Көп кырдуу талант 1967-жылы "Саманчынын жолунда" да роль аткарган жайы бар

5 / 14

Кинорежиссер Бакыт Карагуловдун кинофильмин тарткан оператор

6 / 14

"Ак илбирстин тукумун" камерага түшүрүү учуру. Сол жакта биринчи турган белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев, анын жанында техникалык адис, камера кармап турган оператор Нуртай Борбиев, четтеги көз айнекчен ассистент Марс Умаров. Кегети капчыгайы, 1984-жыл

7 / 14

Чыгармачыл топтун так ортосунда режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев

8 / 14

Борбиев өтө масштабдуу жана кооптуу эпизоддорду мыкты тарткан операторлордун бири болгон

9 / 14

Фрунзе шаарындагы парадга катышкан Төлөмүш Океев менен Нуртай Борбиев

10 / 14

"Кыргыз кереметинин" башында тургандар: Нуртай Борбиев, Төлөмүш Океев, Мар Байжиев

11 / 14

"Мурас" даректүү тасмасын камерага тартуу учуру. Колуна тапанча алган СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, камерасын кармап турган КРдин эл артисти, оператор Нуртай Борбиев жана эки ассистент. Ысык-Көл облусу, 1969-жыл.

12 / 14

Далай кыргыз киночуларын тарбиялаган израилдик Изи Герштейнди мекенине узаткан Борбиев

13 / 14

Хивада кинокартина тарткан киночулар. Камераны шыкаалаган Нуртай Борбиев.

14 / 14

КРдин эл артисти мындан үч жыл мурун 82 жашында дүйнө салган

Тема боюнча:
Кино менен театрдын өчпөс жылдызына айланды. Муратбек Рыскуловдун сүрөттөрү
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери