Баткенге жардам катары чогулган каражаттын 148,7 млн. сому коротулду

Жалпы жонунан элден 338,3 миллион сом чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Тажик тараптын Баткен облусуна кол салуусунан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке түшкөн каражаттын 148,7 миллион сому коротулду. Бул туурасында Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жалпы жонунан элден 338,3 миллион сом чогулган. Учурда 194,4 миллион сому пайдаланыла элек.
Ал эми 148,7 миллион сом кайсы багыттарга жумшалганы айтылган эмес. Маалымат 1-декабрга карата берилди.
Депутат Темирбаева өкмөттөн лейлектиктердин кредитин толук кечүүнү суранды