Реанимацияга түшкөн Азиз Мурадилаевдин абалы оор бойдон калууда

Мурадилаевдин операциясы үчүн кечээтен бери элден 3 270 доллар топтолду, жалпы 45 миң доллар керектелери маалымдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевдин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер тараптан тиешелүү болгон бардык аракеттер көрүлүп жатат.
"Актёр учурда сүйлөй албайт, анын денесинен суюктук бир аздан чыгып жатат. Бирок кыйынчылык менен. Түркиядагы, Россиядагы клиникалар менен сүйлөшүп жатабыз. Боорун алмаштырууга үлгүрүшүбүз керек. Дарыгерлердин айтымында, азыр Мурадилаевге учакта учуу кооптуу. Бизде убакыт өтө аз... Дарыгерлердин уруксатын күтөбүз", — деди Молдокматова.
Ал кечээтен бери актёрдун операциясы үчүн элден 3 270 доллар топтолгонун кошумчалады. Белгилүү болгондой, бул үчүн жалпы 45 миң доллар каражат керектелет.
Эске салсак, Мурадилаев кечээ, 3-декабрда, оор абалда реанимацияга жаткырылган.
Белгилүү актёр бир нече жылдан бери цирроз оорусу менен алышып келет. Ал мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине бала чагы, театр жөнүндө ой чабыты менен бөлүшүп, маек курган.
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо