Карызга жашаган, 76 жылдык тарыхы бар мамлекеттик Алай театры. Жетекчи Исаковдун маеги

Кыргызстанда мамлекеттик маанидеги 18 театр болсо, үчөө аймактарда жайгашкан. Анын бири — Алайдагы музыкалык драма театры. Бирок аты улук, супарасы курук театрдын учурда материалдык абалы кыйын, имараты жок.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эл артисти Алымкул Исаков болду. Биз тоо койнундагы театрдын абалы тууралуу кеп кылдык.
Алай музыкалык драма театрынын жетекчиси, КР эл артисти Алымкул Исаков: Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында өтө чоң импульс бар, биз үчүн зор күч болот
— Азыр борборго келип, шаардыктарга чыгармачылык эмгегиңиздерди тартуулап турасыздар...
— Биз, биринчиден, тажрыйба алмашууга келдик. Бул аймактагы, облустагы жана борбордогу жалпы театр искусствосунун өнүгүп-өсүшүнө чоң өбөлгө түзөт. Мурда салттуу отчёттук программаларыбыз менен келип турчубуз, көнүмүш көрүнүш болчу. Акыркы кезде пандемия буга тоскоолдук кылды. Ошол себептен 2020-жылдан бери аймактарга баруу жана келүү дээрлик токтоп калган. Маалымат берип турганыбыз менен көрөрмандар, жетекчилик спектаклдерди өз көзү менен көргөнү башка нерсе. Мында акыркы эки жылда койгон спектаклдерибизди алып келдик. Эл да, өзүбүздүн артисттерибиз да абдан ыраазы болушту. Анткени театр көрүү маданияты ар кандай да, борбордо аймактагыдан айырмаланып турат эмеспи. Анын үстүнө Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында өтө чоң импульс бар, биз үчүн зор күч болот.
— Эки эмгек менен келгениңиздерди айттыңыздар...
— Мен буга чейин Ош улуттук драма театрында актёр, режиссёр болдум. Анан ошол эле жерде Ош облустук куурчак театрын жетектедим. Биздин жетекчилик кээде кайсы бир театрды тажрыйба бөлүшүп жетектеп берүү сунушун берет. Ошентип мен 2019-жылы Алайга бардым. Көзгө көрүнүктүү иш жасоо керек болду. Ошол жылы Алымбек датканын 220 жылдыгы экен. Бул боюнча эч бир сөз боло элек болчу. Анан бул ишти Алымбек даткадан баштоону туура көрдүк. Биринчиден, жергиликтүү эл, жетекчилер да ойгонуп, театр менен жетекчиликтин ортосуна көпүрө болсун дедим. Жаныш Кулмамбетов, Султан Раев жана Кайрат Иманалиевге суранып, буюртма менен пьеса жаздырууну сүйлөшүп, Алымбек датка биринчи планда болушу керектигин айттым. Анткени буга чейин Курманжан датка тууралуу көп эле жакшы эмгектер жаралган.
Алымбек датка — элди бир жагынан Кокон хандыгы эзип турганда мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга жан үрөгөн инсан. Мен негизи сырттагы режиссёрлор менен көп иштешем. Жамбыл театрынын көркөм жетекчиси Камит Касенов деген мыкты адис бар эле. Спектаклди ошол киши коюп берди. Транспорт маселесинен улам башка жакка чыга албасак да Алай районун кыдырып, Ош шаарына бардык. Кыргызстандагы биринчи театр сынчысы Жаныш Кулмамбетов жазган ошол "Алай жолборсу" спектаклин төлгө катары борборго да алып келдик. Экинчи спектаклибиз — Мар Байжиев абабыздын "12-күн" деген комедиясы. Өзүбүздө чындыгында адистер жок болгондуктан сырттан режиссёр чакырууга туура келет. Токтоболот Абдымомунов атындагы академиялык театрдын актрисасы, режиссёр Жаңылай Исакова кызыбызды чакырганбыз. Биздин көрөрмандарга да, эмгек жамаатка да иштөө процесси абдан жакты. Муну өлкөбүздүн эгемендигинин 33 жылдыгына арнап койдук эле, ал да өз жемишин берип жатат. Мында эне тилибиздин маанисин адамдар сатира аркылуу түшүнөт. "Кээде мамлекеттик тилибизге 33 жыл" деп калышат. Бул туура эмес. Эне тилибиз кыргыз жашап келе жаткандан бери бар тил. Анын маанисин бузбай сактоону балдарга мен да эринбей түшүндүрүп келем.
Алымкул Исаков: имаратыбыз жок, бир жерде үч ишкана жайгашкан. Кээде талаш, ыңгайсыздык болуп калат. Сахнаны чогуу пайдаланабыз
— Алыскы Алайда жайгашкан театрдын чарбалык, материалдык абалы кандай?
— Айрымдардын тамчы тамса да имараты бар. Биздики жок. Райондук маданият үйүнүн базасында Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры, маданият үйү жана райондук маданият бөлүмү болуп жалпысынан үч ишкана жайгашкан. Кээде талаш, ыңгайсыздык болуп калат. Сахнаны чогуу пайдаланабыз. Имарат биздики болбогондон кийин оңдоп-түзөгөнгө акыбыз жок. Каржылык мыйзамдар буга жол бербейт. Маданият үйү биз үчүн жасап бербейт. Алар райондук маданият үйү болгондуктан жергиликтүү администрациядан жардам ала алат да, бизге бере албайт. Анткени статусубуз — мамлекеттик. Министрлик жардам берсе да ал акчаны имаратты оңдоого иштете албайбыз. Кийин Эсеп палатасы жоопко тартышы мүмкүн. Келечекте имаратка ээ болсок жакшы болот эле. Себеби артисттерге да шарт керек, театрдын да эрежелери сакталышы зарыл.
Ал эми транспорт такыр эле жок. Өзүбүз эптеп акча таап, анын аркасы менен жер-жерлерди кыдырганда унаа жалдайбыз. Аймакта эл келсе 10 миң сом акча түшөт. Бирок анын сегиз миңи транспортко, чыгымдарга кетет. Себеби спектаклдин декорациясын портерге жүктөсөң ал 3500 сом, артисттерди алып барууга Step унаасын жалдасаң анысы 2 500 сом алат. Ошону менен майда-чүйдөгө сегиз миң кетип калат. Мындай майда болгону менен биз үчүн көйгөй. Эки миң сом гана пайда табабыз.
Декорация жасаарда базарга барабыз, аркан, жыгач деген керектелүүчү буюмдарды карызга алып келебиз. "Силер 4-5 айлап күттүрөсүңөр" деп сүйлөнүп жатып араң беришет. Аларды да түшүнүү керек.
Алымкул Исаков: 2019-жылы Алайга бардым. Көзгө көрүнүктүү иш жасоо керек эле. Алымбек датканын 220 жылдыгы экен, эч бир сөз боло элек болчу. Анан бул ишти Алымбек даткадан баштоону туура көрдүк.
— Режиссёрлорду сырттан чакырабыз деп жатасыз. Алар бери дегенде эле 50-60 миң сомго макул болушат да. Бул каражатты кайдан табасыздар?
— Режиссёр жалдоо кымбат, бирок алардын эмгегин да арзан баалоого болбойт. Бир спектакль үч-төрт айда бүтөт. Ал ошол жерде жашашы керек, убактысы, жол киреси кетип жатат. Базар экономикасын түшүнүп алуу керек. Чет өлкөлөрдө жакшы баа төлөнөт. Ошондо ал эл аралык фестивалдарга катыша турган мыкты спектаклдерди коюп бериши мүмкүн. Ал эми Жаңылай Исакова деген кызыбызды чакырганда, ушул нерсени жактыра бербейм, бирок "баламсың, эми коюп бер" деп чакырдым. Бирок анын да өз жумуштары бар да, актриса, режиссёр, бир жерде балетмейстер, кино тартат, мунун баарын токтотуп коюп бизге келип иштеп кетишке туура келип жатпайбы. Ошонун баарына биз деле кедерги болуп жатпайбызбы. Ошол жактан тапкан акчаларынын бир кичинекей бөлүгүн "ушул сиздин гонорар" деп берип жатабыз. Эптеп андан-мындан таап, өзүбүз төлөдүк.
Алымкул Исаков: Кинодо деле ийгилик жараттым, бирок мен биринчи орунга театрды коём. Анткени ал — алгачкы улуу искусство.
— Чыгармачылык топто канча киши иштейт? Имараты жок Алай театрынын тарыхына токтолуп кетсеңиз...
— Театрдын 76 жылдык тарыхы бар. 1946-жылы драмалык ийрим катары ачылган. Ошондон бери эсептелет. Булар үзүндүлөрдү койбостон шыр эле "Кожойкенин ийгилиги" деген бир актылуу пьесаны коюп башташкан. 1961-жылга чейин драмалык ийрим райондук маданият үйүнө карагандыктан имараты бар эле. Элдик театр катары деле кийин ошол имаратта мыйзамдуу иштеп келген. 2001-жылы профессионалдык театр болуп статусу өзгөргөн соң имаратка ээлик кыла албай калышты. Азыр айлык көбөйдү. Шарт түзүлсө жаштар да бизге келет эле. Азыркы жаштар талапты, шартты коюп өздөрү аткарып жатат. Алардын ой жоруму, амбициясы да башка. Ошондуктан мен алардын аймактагы театрга иштөөгө кызыкпагандыгын туура эле түшүнөм.
Аймактагы театр эмес, Ош шаарындагы театрга деле жаштардын келиши кыйын. Жакында театрга кастинг өткөрүп, 120 кишинин ичинен бир эле кыз өттү. Мени айрымдар "кастингди абдан катаал өткөрдү" деп жаман көрдү. Ал кыз азыр абдан сонун иштеп жатат. Театрга тааныш алуу жарабайт, анткени илең-салаң артист менен кыйналасың. Биз да карыдык, жаштар керек.
Алымкул Исаков: 2018-жылы Бишкекте Шайыр Касымалиева, Айсалкын Кыйыкбаева, мен жана Жаңылай Исакова болуп Шекспирдин "Король Лирин" чет элге алып баруу үчүн даярдагам.
— Гастролду кантип жатасыз?
— Гастролду абдан сагынган кишимин. Бизди кичине балдар, окуучулар куткарууда. Спектаклдер деле алардын жаш курагына жараша бөлүнөт. Бир ирет театрды көргөн адам кызыгып калат. Азыр 30 жаштагы адам театрдан алыс. Анткени анын балалыгы эл нанга жетпей жаткан учурга туш келип, куурчак театрын көргөн эмес. Бала 4-5 жашка чейин адам катары калыптанат. Анын тарбиясына жомок, спектаклдердин таасири тиет.
Биз мектептерге барганда мугалимдерге "спектакль коюп келдик" десең, "ал эмне концертпи?" дешет. "Жок, спектакль" десең, "кинобу?" деп түшүнбөйт. Айрымдарына театрдын табиятын түшүндүрсөң "баланы силер тарбиялап калыптырсынарбы?" деп жаман көрүшөт. Мектепке барып спектакль койгонубузду кээде окуучуларды кыйнап коюп жаткандай сезишет. Бирок балдарды театрга, жогорку искусствого үйрөтүшүбүз керек да. Эмнеси болсо да биз театр искусствосун өнүктүрүп, ошол бөбөктөрдү жакшы нерсе менен тааныштыруу зарыл. Азыркы балдардын сезими башка. Ар кандай атыш кинолорду, оюндарды көрүп жатып ит-мышык өлтүрүүнү оңой эле көрүшөт. Же бирөөнүн каза болгонун кадимки кабардай эле кабылдашат.
— Сиз кинолорго да түшкөнсүз. Айрымдар ошону менен биротоло киного ооп кетип жатышат. Бирок сиз театрдан эч жакка кетпептирсиз...
— 2000-жылдары эле театрда ойногон ролдорум 90дон ашып калган. Ал эми киного көп түшчү эмесмин. 1977-жылы кинонун ашканасын көрсөм да көп барган жокмун. Себеби театр артисттерин "бузулуп кетесиңер" деп киного жиберчү эмес, өзгөчө улуу, новатор режиссёр Искендер Рыскулов киного таптакыр уруксат берген жок. Ал жакта техника, "жылдыз оорусу" деген бар. Кийин гана уруксат берилгенде түшө баштадык. Кинодо деле ийгилик жараттым, бирок мен биринчи орунга театрды коём. Анткени ал — алгачкы улуу искусство.
Алымкул Исаков: Өз күчүбүз менен эле эптеп күн көрүп жатабыз. Декорацияга керектүүнү баарын базардан карызга алабыз. Акча кенен болсо чет элден да режиссёрлорду чакырбайт белем.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Жакында эле мага алыстагы өнөктөштөрүм иштешүү сунушун берди. Мен аларга өзүм аткарган Ричардды (Шекспирдин чыгармасынын негизинде коюлган "Ричард III" спектаклинде королдун образын жараткан – ред.) сагынганымды айттым. Алай музыкалык драма театрында да классикалык спектаклдер коюлса деген тилегим бар. Ал чыгарманы Ошко, Бишкекке деле келип ойной алам. 2018-жылы Бишкекте Шайыр Касымалиева, Айсалкын Кыйыкбаева, мен жана Жаңылай Исакова болуп Шекспирдин "Король Лирин" чет элге алып баруу үчүн даярдагам. Өзүмдү эле чыгарууну каалаган адам болсом, ошол иштер менен кетмекмин. Бирок элетте да классика коюлса балдар да өсүп, сыртты көрөт эле. Эмне үчүн классиканы борбордо эле ойноп, элетте койбошубуз керек? Айылдыктар сонун эле түшүнөт. Бизге классиканы төрт класс билими бар Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеевалар ойнободу беле. Бирок быйыл чыгармачылыкка бир сом бөлүнгөн жок.
— Атайын эсепти дароо пайдалана албайсыңар да. Анан театр кайсы акчанын негизинде жашап жатат?
— Өз күчүбүз менен эле эптеп күн көрүп жатабыз. Декорацияга керектүүнү баарын базардан карызга алабыз. Акча кенен болсо чет элден да режиссёрлорду чакырбайт белем. Тажырыйба алмашуу жүрмөк. Казакстан азыр театр жагынан дүркүрөп жатат.
Хореограф Садыркулов: согуш жүрүп, эл ачка калса да искусство унутулган эмес
Радио
Асанакунова: жеке театрдын эксперименттерди колдонушу жакты