БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. АКШ бийлиги толук кандуу аскердик бюджеттин ордуна бир жылга каржылоо резолюциясын кабыл алса Украинага жардам берүүсү кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматта белгиленгендей, Politico басылмасына журналист Лара Селигмандын макаласы чыккан.
Анда бул резолюция Пентагонду каржылоону президент Жо Байдендин 2023-жылга карата сураган суммасына салыштырмалуу 29 миллиард долларга же 3,7 пайызга азайтат.
"Эгерде Конгресс убактылуу каржылоо жөнүндөгү чечимди кабыл алса, бул чечим Украинага аскердик жардам берүүнү жаз айларынан баштап токтотушу мүмкүн. Мындан тышкары, Абрамс танкынан тартып M777 гаубицасы (Украинага берилип жүргөн) кошулуп, негизги бир нече система үчүн өнөр жай базаларын модернизациялоо кечиктирилет", — деп жазылат маалыматта.
Жазда Конгресс Украинага аскердик жана экономикалык жардам берүү үчүн дээрлик 40 миллиард доллар бөлгөн. Ал эми октябрда Байден убактылуу каржылоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон, анда дагы 12,4 миллиард доллар Киев үчүн деп көрсөтүлгөн.
Россия 24-февралда Украинада аскердик атайын операция жүргүзгөн. Буга байланыштуу АКШ жана анын союздаштары ондогон миллиард долларларды бөлүү менен киевдик режимди куралдандырууда. Москва бир нече жолу Батыштын курал-жарак ташышы жаңжалдын узарышына гана алып келерин, ал эми курал алып келген ар бир транспорт Россия армиясынын мыйзамдуу бутасы болорун айтып келет.