5-декабрга карата аба ырайы

5-декабрга караган түнү айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -3...+2 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында 0...+5 градус жылуу болсо, Нарында 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаада күндүн табы -1...+1, Ош шаарында 0...+2 градуска жетет.
Ош облусунда бул жумада аба ырайы кандай болору айтылды