Лукашенко кайненеси тарыхчы болууга кантип мажбурлагандыгын айтып берди. Видео

Беларустун президенти журналист болууну самагандыгын, бирок кайненесинин сөзүнөн соң тарыхчы болууну чечкендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко жаш кезинде журналист болууну самап, бирок башкалардын кеңеши менен кесибин тандагандыгын агынан жарылып айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын видеосун "Пул Первого" Telegram-каналы жарыялады.
"Өзүмдү тарыхчы болом деп элестете алчу эмесмин. Кайненем мажбурлады. Журналист болууну каалап, окууга тапшырууга даярданып жаткам. "Кереги жок. Сен мыкты тарыхчы болосуң, барып сынакка катыш" деди болочоктогу кайненем. "Мейли эми. Мүмкүн бул туурадыр" дедим", — деп ыймандай сырын айткан Лукашенко.
Беларусь президенти Лукашенко кайненесине ыраазы экендигин кошумчалады.
Лукашенко: Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселесинде жылыш бар экенин айтты