Радио

Жапаров: быйыл абактардан кыйноо фактысы боюнча 44 арыз келип түштү

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун көзөмөл жана координациялоо бөлүмүнүн эксперти Камалдин Жапаров кыйноо үчүн жазалангандар жокко эсе экендигин айтты.
Sputnik
Бул жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго кыйноо фактысы боюнча 44 арыз келип түштү. Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө, талдоо иштери жүрүүдө. Бирок соттун кароосуна анын эки же үчөө гана жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Камалдин Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2008-жылы кыйноо фактысы боюнча 50дөн ашык кылмыш иши козголуп, чара колдонулган.
"Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору кыйноонун, катаал мамилени алдын алуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жайлардагы (абактар - ред.) жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча үч багытта иш алып барат. Булардын ичинен тиешелүү шарттын жоктугуна нааразы болуп кайрылгандар көп. Учурда түзөтүү мекемелери, тергөө изоляторлору, убактылуу кармоочу жайлардын абалы бүгүнкү талаптарга жооп бербейт. Имараттардын көбү 50-60 жыл мурда курулган. Кээ бирин жарактан чыгарып, жаңыларын тургузуу зарыл. Ал эми Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна быйыл кыйноо фактысы боюнча 44 арыз келип түштү. Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө, талдоо иштери жүрүүдө. Тилекке каршы, соттун кароосуна анын эки же үчөө гана жетиши мүмкүн. Милиция кызматкерлери тергөө учурунда шектүүлөргө кыйноо ыкмалары колдонгонун баары бир билет, бирок кыйноо үчүн жазалангандар жокко эсе", — деди Жапаров.
Ошондой эле адис абактагы аялдарга өзгөчө мамиле жасап жана өзүнчө керектүү шарттар түзүлүшү зарылдыгын кошумчалады.