Серепчи евронун баасы эмнеге көтөрүлгөнүн түшүндүрдү

Адистин айтымында, азыркы позициясына карабай, евро аутсайдер бойдон калууда. Бул нерсе Европа биримдигин кризиске кептеп, ыдырап кетишине да алып келиши толук мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Евронун акыркы күндөрдө рубль менен долларга карата курсу бекемдеп бара жатканына АКШ акчасынын алсырап калганы себепкер. Ал эми долларга Федералдык резервдик системанын башчысы Жером Пауэллдин "курстун өсүү темпи басаңдашы мүмкүн" деген билдирүүсү кесепетин тийгизди. Бул тууралуу финансы аналитиги Владислав Антоновго шилтеме берип "Прайм" жазды.
"АКШнын Федералдык резервдик системасынын 14-декабрдагы жыйынынан кийин доллардын индекси кескин көтөрүлсө, евро кайра 62,5 рубль деңгээлине түшүп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда жыл аягына чейин евро долларга караганда 3-4 рублга кымбат болуп турат", — деди адис.
Ошол эле учурда ал евро дүйнөлүк валюталарга карата бекемделип жатат же позициясын кайтарып алды деп айтууга болбой турганын кошумчалады.
Бул валюта мындан аркы төмөндөшүнүн бардык тобокелдиктерин сактап, жылдын негизги аутсайдери бойдон калууда. Антонов "бул Евробиримдиктеги рецессия, энергетикалык каатчылык, атүгүл евроаймактын кыйрашы ыктымалдыгын" айткан.
Анын пикиринде, азыркы позициясына карабай, евро аутсайдер бойдон калууда. Бул нерсе Европа биримдигин кризиске кептеп, ыдырап кетишине да алып келиши толук мүмкүн.
ЖМК: Евробиримдик Россия мунайынын баасына чек коюу боюнча макулдашууга жетишти