Баткен: кыргыз-тажик тарап бүгүнкү чек ара чатагы боюнча сүйлөштү. Жыйынтык

Мушташуу фактысы такталып, окуя болгон жерге милициянын кошумча отряддары жөнөтүлөрү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча Баткен районунун Дахма айылында Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду. Бул тууралуу КРдин Чек ара кызматынан кабарлады.
Эске салсак, бүгүн Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, эки тарап болуп эки өлкөнүн жарандары мушташкан.
Жолугушууга эки мамлекеттин Ички иштер министрликтери менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттердин өкүлдөрү катышкан. Тараптар чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын ортосундагы мушташуунун чоо-жайын иликтеп, чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашкан.
Мушташуу фактысы такталып, окуя болгон жерге милициянын кошумча отряддары жөнөтүлөрү маалым болду.
Садыр Жапаров: Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу кириштик