Азиз Мурадилаев оор абалда реанимацияга түштү. Тез арада жасалчу операцияга муктаж

Учурда актёрдун денесине суюктук толуп, шишип кеткенин жана тез арада боорун алмаштыруу операциясына 45 миң доллар керектелерин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев оор абалда реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Азиз Мурадилаев оор абалда реанимацияга жаткырылды. Денесинен суюктук чыкпай, катуу шишип кетти. Биз бүгүн бир аз сүйлөшкөнбүз, бирок азыр сүйлөй албай жатат...", — деди Молдокматова.
Белгилүү актёр бир нече жылдан бери цирроз оорусу менен алышып келет. Молдокматова актёр Москвадан дагы бир операциясын жасатып, учурда дары ичип жатканын айтты.
"Түркиялык клиникада дарылануудан өткөн. Анда боору жаңыланып (регенерация), аны алмаштыруу боюнча операция токтотулган. Мунун баары элден чогулган акчага жасатылган болчу. Актёр дарылануудан калган акчаны Мурат Мамбетовдун баласынын дарылануусуна которгон. ...Убакыт аз калды. Боорду алмаштыруу, авиабилеттер үчүн 45 миң доллар топтоо керек...", — деп билдирди Молдокматова.
Белгилүү актёр мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине бала чагы, театр жөнүндө ой чабыты менен бөлүшүп, маек курган.
Көзүндө муң катылып жаткандай... Азиз Мурадилаев менен баарлашуу видеодо