Абанын киринен психикалык да оорулар пайда болот. Изилдөө

Окумуштуулардын айтымында, кир аба узак мөөнөттүү оорулардын пайда болуу ыктымалдуулугун жогорулатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Абасы булганган шаар тургундары дене бою, ички органдары жактан жана психикалык ооруларга дуушар болот. Бул тууралуу "Хайтек" басылмасы жазды.
Окумуштуулар бул жаатта изилдөө жүргүзүп, ага 364 миң адам катышкан. Алар жарым миллион адамдын генетика, жашоо образы жана ден соолугу тууралуу маалыматты камтыган анонимдүү биомедициналык маалымат базасын талдап чыгышкан. Адистер организмдеги 36,  психикалык беш өнөкөт оорулардын өнүгүшү менен майда бөлүкчөлөрдүн жана азоттун диоксидинин ортосундагы байланышты текшеришкен.
Изилдөөнүн жыйынтыгында, абасы булганган аймактарда жашаган адамдар нерв, дем алуу, жүрөк-кан тамыр жана психологиялык оорулардан жапа чеккендиги аныкталган. Көп учурда депрессия, тынчсыздануу байкалган.
Ошондой эле кир аба менен дем алгандардын эки же андан көп ооруга дуушар болуу коркунучу 21 пайызга жогору экендиги аныкталган. Окумуштуулардын айтымында, булганган аба узак мөөнөттүү оорулардын пайда болуу ыктымалдуулугун жогорулатат.
Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында