Сокулукта аңчылыкка кетип, изделип жаткан адамдын сөөгү тоодон табылды

Маркум 50 жашта экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылында аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
1 / 2

Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылында аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү табылды

2 / 2

50 жаштагы маркумдун сөөгүн ӨКМдин "Эдельвейс" тобунун жети, Сокулук райондук №23 ӨКБнын төрт куткаруучусу тоодон түшүргөн

50 жаштагы маркумдун сөөгүн ӨКМдин "Эдельвейс" тобунун жети, Сокулук райондук №23 ӨКБнын төрт куткаруучусу тоодон түшүргөн.
Эске салсак, 27-ноябрь күнү 61 жаштагы Александр Браун жана 50 жаштагы Дмитрий Забунов аттуу жарандар Кичи-Тоого аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү Браун айылга кайтып келген. Ал эми Забунов тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.
Шашылыш билдирүү! Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн