Россиянын ракетага каршы сынаган кезектеги жаңы системасы. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россиянын Аба-космостук күчтөрү Сары-Шаганда (Казакстан) ракетага каршы жаңы системаны иштетип, учургандыгын РФтин Коргоо министрлигине таянып РИА Новости жазды.
Сары-Шаган полигонунда Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр (Казакстан) менен Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн (АКК) абадан жана ракетадан жасалган соккуга каршы туруучу түзүмү менен биргелешип РФтин жаңы системасын сынап учурушкан.
Видеону аталган агенттик өзүнүн Telegram-каналына койду.
РФтин Аба-космостук күчтөрүнүн ракета менен болчу чабуулдан коргонуу бөлүгүнүн командири генерал-майор Сергей Грабчук аталган курал бир нече ирет болгон сыноодон жакшы өткөндүгүн билдирген. Ал эми аскерлер бутаны так мээлеп, берилген тапшырманы так аткаргандыгын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Акациянын" айбаттуулугу. Запорожье аймагынан тартылган видео