БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россияда өз мекендештерине кол салып, карактап кеткен деген шек менен төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба МВД КР
ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жарандары жардам сурап кайрылган. Алардын айтымында, 27-ноябрда саат 03:00дөр чамасында Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, кол салышканын айткан. Жалал-Абад облусунан барган 23 жаштагы К. уулу Н. аттуу жигитти сабап 60 миң рублин жана уюлдук телефонун алып кетишкен. Ал эми 30 жаштагы У. уулу У. деген мекендештин колу-бутун байлап унаага салып кетип, акча талап кылышкан. Туугандары банк картасына 50 миң рубль которгондон кийин аны Москва шаарынан коё беришкен.
Россиядагы өкүлчүлүк жергиликтүү полиция менен биргеликте иликтөө иштерин баштаган. Натыйжада 30-ноябрь күнү кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, төрт кыргызстандык кармалган. Алардын жанынан пневматикалык тапанча жана жабырлануучуну видеого тарткан телефон табылган.
А. уулу К., 26 жашта, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
П.Ч., 24 жашта, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
И. уулу Х., 22 жашта, Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну;
О. уулу М., 21 жашта, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн аласа-бересеси болгон.