БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. АКШнын каржы министринин орун басары Уолли Адейемо Reuters NEXT онлайн-конференциясында Россиядан келген мунайдын баасы 60 доллардан башталарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз 60тан (бир баррели, доллар — ред.) баштайбыз жана убакыттын өтүшү менен Россиянын кирешесин чектөө үчүн баанын чегин жылдыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз", — деди ал.
Адейемонун айтымында, баа улам-улам жаңыланып турат. Ал ошондой эле Вашингтон өнөктөштөрү менен бирге 5-декабрга чейин энергетикалык ресурстардын баасын чектөө механизмин ишке киргизүүгө үлгүрөрүн баса белгиледи.
"Чоң жетилик" өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Япония) каржы министрлери сентябрда Россиядан келген товарлардын баасына чектөө киргизүү ниетин ырасташкан. Мунайга карата лимит 5-декабрда, ал эми мунай продукциясына карата 2023-жылдын 5-февралынан тарта киргизилери пландалууда.
Президент Владимир Путин бул демилгеге комментарий берип жатып эгер Россиянын кызыкчылыгына каршы келген аракеттер жасалса, чет өлкөгө эч нерсе жөнөтүлбөй турганын билдирди.
Өз кезегинде вице-премьер Александр Новак Москва мунайдын баасын бир баррелине 60 доллардан да, андан башка баада да нарктын чегин белгилеген өлкөлөргө экспорттобой турганын билдирген. Анын айтымында, мындай чектөөлөр рыноктук инструменттерге кийлигишүүнү айгинелейт. Чиновник Россия рынок шартында иштөөгө даяр керектөөчүлөр менен иштешерин белгиледи.