Радио

Шабданбаев: быйыл КР спортчулары 120дай эл аралык мелдешке катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев кийинки жылы Олимпиада оюндарына даярдык кызуу жүрөрүн айтты.
Sputnik
Кыргызстан быйыл спорттун ар кайсы түрүнөн эл аралык мелдештерди уюштурду. Алсак, Азия чемпионатынын сегиз, дүйнө чемпионатынын беш турнирин жогорку деңгээлде өткөрдүк. Бул тууралуу Канат Шабданбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл кыргызстандык спортчулар 120дан ашык эл аралык мелдешке катышып, баарынан байгелүү келишти.
"2022-жыл кыргызстандык спортчулар үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Быйыл биздин спортчулар 120дан ашык эл аралык мелдешке катышып, баарынан байгелүү кайтышты. Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында, Ислам шериктештик оюндарында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жана башка ири эл аралык мелдештерде тарыхый жыйынтыктарды көрсөттүк. Кыргызстан быйыл спорттун ар кайсы түрүнөн эл аралык мелдештерди да уюштурду. Алсак, Азия чемпионатынын сегиз, дүйнө чемпионатынын беш турнирин жогорку деңгээлде өткөрдү. Анын ичинде бильярд, самбо боюнча дүйнө биринчилиги бизде өтүп, дүйнөнүн күчтүү спортчулары келди. Мындан ары да спортчуларды колдоп, аларга бардык шарттарды түзүп берүү аракетин көрөбүз. Бул жылы күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы үчүн спорттук машыгуу залы жана Баткен, Нарын облустарында ат майданы курулду. Тилекке каршы, дүйнөлүк стандарттарга жооп берген спорттук аренабыз жок. Эгер ал маселе чечилип калса, өлкөдө спорттун өнүгүшүнө жакшы жол ачылат эле", — деди Шабданбаев.
Ошондой эле адис 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына көп жолдомо утуп, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө аракеттер болорун кошумчалады.