Пресс-борбор

Эл кайсы ооруканаларга көбүрөөк нааразы? Министрдин орун басарынын жообу

Эл көп барган, көп күч келген медициналык жайларга арыздар көп түшөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Баарынан көп нааразылык инфекциялык оорулар менен келген бейтаптарды кабыл алган медициналык жайларга айтылат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде айтты.
Журналисттер бул суроону анын "ишти алып кете албаган жетекчилер (ооруканалардын башчылары – ред.) кызмат ордунан бошойт" деген билдирүүсүнөн кийин узатышты.
"Эң көп нааразылыктар айтылган ооруканалар жана стационарлар боюнча... Бул — жугуштуу оорусу бар бейтаптарды кабыл алган стационарлар. Өзүңөр билгендей, алар Бишкектеги балдардын ооруканасы жана инфекциялык оорукана. Бул мекемелерге көп күч келет, өтө көп адамдар кайрылат, баары ушул жакка жөнөшөт, албетте, анан нааразылыктар көбөйөт", — деди ал.
Бишкектеги бейтапканалар дем алыш күндөрү да иштейт. Телефон номерлери