Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Путин менен кандай шартта сүйлөшүүгө барарын айтты

Байден франциялык кесиптеши Эммануэль Макрон менен жолуккандан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден эгер Россия лидери Владимир Путин Украинадагы жаңжалды токтотууга кызыкдарлыгын билдирсе, аны менен сүйлөшүүгө барарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Путин мырза... Бул жерде аябай кылдаттык менен сүйлөшүм керек. Эгерде согушту бүтүрүүгө анык кызыкдарлыгын билдирсе, Путин мырза менен сүйлөшүүгө даярмын", — деп айткан Байден франциялык кесиптеши Эммануэль Макрон менен биргелешкен маалымат жыйында.
Владимир Путин буга чейин Россия Украина боюнча сүйөшүүлөргө ар дайым ачык экенин, эгер Киев акылына келе турган болсо ортомчу күчтөр талап кылынарын билдирген. Өз кезегинде Украинанын президенти Владимир Зеленский ноябрда "аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүү, БУУнун уставын сыйлоо, бардык чыгымдардын ордун толтуруу, ар бир аскер кылмышкерин жазалоо жана кайра кайталанбашына кепилдик берүү" шарты аткарылса гана Путин менен сүйлөшөрүн билдирген.
Андан мурдараак Зеленский мамлекеттин башында Путин турганда Москва менен диалогго барбай турганын айткан.
Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинанын сүйлөшүү жолун каалабай жатканы Россиянын атайын операциясынын улантылышына негиз болорун белгилелген.
Меркель Путин менен эпке келүүгө жетише албай калганын айтты