Байден Макрондун колун кыса кармап, коё бербей. Талкууга түшкөн видео

Кадрдан эки лидердин кол алышуусу 30 секундадан ашып кеткенин көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Fox News телеканалынын алып баруучусу Жесси Уоттерс АКШ жана Франция президенттери Жозеф Байден менен Эммануэль Макрондун жолугуп, кол алышкан учуруна комментарий бергени интернетке тарап кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал эми видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналына жарыялады.
Кадрдан эки лидердин кол алышуусу 30 секундадан ашып кеткенин көрүүгө болот.
Байден кесиптешинин колун кечке кыса кармап, коё бербей, силкилдетип сүйлөшүп туруп алган.
"Жозеф алиге чейин француз лидеринин купулуна толбой келет, бул нерсе ага абдан керек", – деген Жесси Уоттерс.
Анын айтымында, өткөн жайда Макрон кесиптешин Афганистандан шашылыш чыгып кеткени үчүн сындап, мындан кийин АКШнын "эзелки союздашы менен аталган мамлекеттин ортосунда көйгөйлөр чыкканын" белгилеген.
"Ал эми бүгүн эртең менен Байден Макрондун колун кармап алып коё бербей жатат. Макрон эмне кыларын билбей калды. Эсиңиздеби, Байден менен эч ким талашып-тартышкысы (Америка лидеринин оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жатканы телеэфирден кетип калган – ред.) келбейт", — деген алып баруучу.
Макрон АКШга иш сапар менен 29-ноябрда барып 2-декабрга чейин болду.
Бир нерсе издеген сымал... Байдендин буйдалып калган видеосу