Атамбаев бүгүн дагы сотто кабинаны тепкилеп, залдан чыгарылды. Видео

Залда отургандар мурдагы президентке кошулуп "уят!" деп кыйкырышты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн дагы Биринчи май райондук сотундагы прецессте кабинаны тепкилеп, залдан чыгарылды.
Ал судьянын жана прокурордун дарегине ачуу сөздөрүн айтып, "силер да бир күн келип менин ордума отурасыңар" деди. Андан соң тарапташтары менен биргеликте "уят!" деп кыйкырды. Мындан улам мурдагы президент залдан чыгарылып, сот анын катышуусу жок уланды.
Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болуп, Атамбаев каршы болгонуна карабай күч менен алып келинген болчу.
Кечээ дагы, 1-декабрда, мурдагы президент Июнь окуясы боюнча башталган соттук ишке алып келинген. Анда да кабинаны тепкилегендиктен чыгарылган.
Дача СУ боюнча комиссия: кулаган учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү болгон эмес