Кыргызстандыктарды 77 млн. сомго алдап кеткен жаранды Польшадан кармап келишти

Шектүү Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 14 кишиге 77 миллион сомдук зыян келтирип чет өлкөгө качып кеткен шектүү кармалып, Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган орган алдамчылык фактысы менен айыпталган Б.М. аттуу жаранды Польшада жүргөнүн аныктап, аны экстрадициялоо боюнча аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги жана Улуттук прокуратурасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Жыйынтыгында 1-декабрь күнү айыпталуучу Б.М. Кыргызстандын ИИМинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Бишкекке алып келинген.
Ага карата Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Шектүү Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.
Мекендештерин карактап, барымтага алган. Россияда 4 кыргызстандык кармалды