Жаңы жылдан кийин накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат

Учурда соода иши жана өндүрүш чөйрөсүндөгү эсептешүүлөр үчүн бир пайыз, андан башка тармактардан эки пайыздан алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат. Бул туурасында Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы Салык кодексинде кийинки жылдан баштап накталай жана накталай эмес эсептешүү болгонуна карабай сатуудан салык алынары жазылган. Бул норма кошулса киреше салыгынан бир жылда 17 миллиард сом чогулат.
Депутат Бакыт Сыдыков мурда ишкерлерге жеңилдик кылуу үчүн аталган норма жокко чыгарылганын белгилеп, "мындай жол менен бизнесмендердин башына салыктарды үйүп саласыңар, азыр бүт дүйнөдө кризис" деп сындады. Мындан улам ал мөөнөтүн бир-эки жылга жылдыра турууну сунуштады.
Абдувапов сунушту карап көрүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, учурда соода иши жана өндүрүш чөйрөсүндөгү эсептешүүлөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы бир пайыз, андан башка тармактарда эки пайыз деп белгиленген.
"Дордой" менен "Кара-Суу" базарын ККМден бошотуп, өзгөчө салык режими сунушталды