Жапаров, Ташиев, Мамытов жана Келдибеков июнь окуясы боюнча сотко чакырылды

Мындай арызды айыпталуучу Кеңешбек Дүйшебаев берген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, депутат Талант Мамытов жана саясатчы Ахматбек Келдибеков июнь окуясы боюнча соттук отурумга күбө катары чакырылды.
Бул айыпталып жаткан УКМКнын мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин арызы боюнча жасалган.
Мындан 12 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол окуяларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тергөөнүн өзү 2021-жылы кайрадан улантылган.
Алмазбек Атамбаев Биринчи май райондук сотуна алып келинди. Сүрөт