УКМК депутаттын үйү менен унаасынан камера табылганы боюнча жооп берди

Маалыматта Эмил Жамгырчиевдин дайыны жок болуп жатканы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. УКМК депутат Жанар Акаевдин кесиптеши Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан жашыруун камера табылганы тууралуу айткандарына жооп берди.
Акаев 26-ноябрда фракциянын эки депутатынын айланасында болгон окуя боюнча комментарий берип, Жамгырчиевдин чет өлкөгө чыгышына тыюу салынганын белгилеген. Мындан тышкары, ал Жамгырчиевдин жабылган кылмыш ишин жандантуу аракети болуп жатканын айтып, аны Кемпир-Абад маселесинде каршы добуш бергендиги менен байланыштырган.
Комитет Акаевдин айткандарына жооп берип, анын сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлгөнүн маалымдады.
"Депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видеожаздыруу жабдыктары табылгандыгы боюнча Жанар Акаевдин маалыматы жок экендиги аныкталды. Ал өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жамгырчиевдин жардамчысынан уккан, жардамчысы бул маалыматты телефон аркылуу Жамгырчиевден алган", — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеменин маалымат кызматы Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экендигин кошумчалады. УКМК жашыруун камералар эмне себептен ким тарабынан коюлганын аныктоого, депутатты коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин белгилеген.
Башкы прокуратура депутат Токторбаевди кайсы иш боюнча суракка алганын айтты