Көп адам суранды. Шайлообек Атазов жазган постун эмнеге өчүргөнүн айтты

Эл өкүлү кечээ социалдык баракчасына пост жазып, бирок жарым сааттан кийин өчүрүп салган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов кечээ Башкы прокуратурадан чыккандан кийин жазган постун көп адамдын суранычы менен өчүргөнүн айтты.
Эл өкүлү сурактан чыккандан кийин социалдык баракчасына пост жазып, бирок жарым сааттан кийин кайра өчүргөн.
"Урматтуу Башкы прокуратура, агаларыбызга чыгып "Атазов сүйлөбөй отурсун" деп коркутпай эле койгулачы. Мен Кудайдан башкадан коркпойм. Балким чындык ачуу болот. Мени эл чындыкты сүйлөсүн деп шайлаган. Силерден кыйындарды дагы көргөнмүн. Бийлигиңер бүгүн бар, эртең жок", — деп жазган болчу.
Атазов постун өтө көп киши, анын ичинде жакын адамдары чалып суранганынан өчүргөнүн белгиледи. Ошондой эле адамдык мамилелерди да эске алганын кошумчалады.
Атазов менен Токторбаев сурактын чоо-жайын айтып президентке даттанышты