Президент 111 өлкө катышкан куран окуу сынагынын жеңүүчүсү Умаровду куттуктады

Умаров куран китебинин 600 барагын жаттап, Сауд Арабия, Бахрейн жана башка бир катар мусулман өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын арасынан эң мыкты деп табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Умаров 24 жашта, сынакка катышуу үчүн үч ай даярданган. Иш-чара Сауд Арабияда өтүп, дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн 153 адам катышкан.
1 / 3

Президент Садыр Жапаровдун куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди

2 / 3

Ага ылайык, Умаров 24 жашта, сынакка катышуу үчүн үч ай даярданган. Иш-чара Сауд Арабияда өтүп, дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн 153 адам катышкан.

3 / 3

Мамлекет башчы жеңүүчүнү жана анын устаты Марат Эркуловду куттуктап, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана сыймыгы экендигин белгилеген

Мамлекет башчы жеңүүчүнү жана анын устаты Марат Эркуловду куттуктап, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана сыймыгы экендигин белгилеген.

"Мекендешибиз куран китебинин 600 барагын жаттап, Сауд Арабия, Бахрейн жана башка бир катар мусулман өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын арасынан эң мыкты деп табылган. Марат Эркулов мындай эл аралык сынак 42-ирет өтүп жатканын жана катышуучулар куран окуу менен гана чектелбестен, окулган сүрөөлөрдүн маанисин дагы билүүсү зарыл болгондугун кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Мухамадали Умаровго 400 жылдык тарыхы бар курандын көчүрмөсүн тапшырган.
Кыргыз жигити куран окуу боюнча дүйнөлүк жарышта жеңүүчү болуп 5 млн. сом утту. Видео