10-январда аяктайт. Россиядагы мигранттарга жаңы талаптар тууралуу эскертилди

Быйыл жайында Россиянын миграция мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип, чет элдиктерге бир нече талап коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россияга келген кыргызстандыктар кийинки жылдын 10-январына чейин бир катар процедуралардан өтүшү керектигин эскертти.
Быйыл жайында Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 2021-жылдын 29-декабрына чейин келген чет элдиктер манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүшү керек.
"Жарандар жогоруда аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 180 календарлык күндүн ичинде, башкача айтканда, 2023-жылдын 10-январына чейин бул процедуралардан өтүшү керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Элчилик кыргызстандыктарды миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырды.
Жапаров Россияда камалган 900 кыргызстандыкты котортуп келүүнү убадалады