УКМК Мадумаровдун жардамчыларына кылмыш ишин козгоп, жумуштан кетирди

Эки кызматкер өз каалоосу менен арыз жазса, бирөө соттун чечими менен иштен бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңеште жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кеңешчиси Айпери Кулмурзаева, жардамчысы Азамат Муратбек уулу, фракция катчылыгынын эксперти Айгерим Алибаева бул кызматтарга орношуу үчүн эмгек китепчелеринде жалган маалыматтарды көрсөткөн.
Бул факт боюнча УКМК үч кызматкерге тең кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзгөн.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактылары тастыкталды. Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү ("Атайылап жасалма документти колдонуу") боюнча кылмыш жасаган деп айыпталган. Айгерим Алибаева менен Азамат Муратбек уулу документтер жасалмаланганын мойнуна алып, өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазышкан", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Айпери Кулмурзаева Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кызматтан алынган.
Атазов менен Токторбаев сурактын чоо-жайын айтып президентке даттанышты