Радио

Бердиев: кышында жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбойт

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун орун басары Асхат Бердиев быйыл кышта жарык өчүрүлбөй турганын айтты.
Sputnik
Учурда республикада электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Эч бир аймакта маал-маалы менен өчүрүүлөр болгон жок. Бул тууралуу Асхат Бердиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган тармакта кышка даярдык иштери 15-ноябрга чейин толук бүткөрүлгөн.
"Бардык электр тармактар ишканалары, облустук, райондук деңгээлге чейин 15-ноябрга карата даярдык иштерин жыйынтыктап, 20-ноябрда өткөн штабдык жыйында Ысык-Көлдөн тарта Баткенге чейин отчетторун беришти. Ошого таянуу менен 2022-2023-кыш мезигилине толугу менен даярбыз жана эч кандай маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт деп айта алам. Республика боюнча электр кубаты үзгүлтүксүз берилип жатат. Эч кандай өчүрүүлөр болгон жок. Он чакты күн мурдараак 4-2-агрегаттар ремонтто болгон үчүн алдын ала эскертүү берүү менен аларды ишке киргизерде жер-жерлерде эки сааттан электр энергиясын өчүрдүк. Мындан башка эч кандай өчүрүүлөр болбошу керек", — деди Бердиев.
Ал айрым учурларда авариялык өчүрүүлөр болуп каларын, бул техникалык себептерден улам келип чыгарын кошумчалады.