Радио

Аскарова: бизде кино күлкүлүү болсо мыкты тартылыптыр дешет

Кыргызстандагы жаш киносынчылар уюмунун мүчөсү Айдай Аскарова Кыргызстанда кино көрүү маданияты өнүгө электигин айтты.
Sputnik
Кыргызстандагы кино көрүүчүлөр тасманын деңгээлин күлкүлүүлүгү менен таразалашат. Мындай пикирин Айдай Аскарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жөнөкөй көрүүчү кино күлкүлүү болсо мыкты тартылыптыр деп эсептейт.
"Биздин элде кино көрүү маданияты өнүгө элек. Талдаганды, сындаганды үйрөнө элекпиз. Кинотеатрга барганда кино күлкүлүү болсо мыкты, күлкүлүү эмес болсо жакшы болбой калыптыр деп чыгабыз. Мындай таразалоо көрүүчүнүн анализ кыла албагандыгынан улам келип чыгууда. Менин максатым — кыргыз элинин кино көрүү маданиятын жогорулатуу. Бир тасманы алып, андагы окуянын башы менен аягында кандай байланыштар бар экенин, режиссер кайсы ойду бергиси келгенин элге жеткиргим келет. Киносынчылар рецензия жазгандан кийин аны көрүүчү окуп, кийинки жолу кинотеатрга баргандан кийин тасманы башкача көз карашта кабыл алып ойлонуп калса, ошондо деңгээл өсүшү мүмкүн", — деди Аскарова.
Ал Кыргызстандагы жаш киносынчылар уюмунда учурда 10дой киносынчы бар экенин кошумчалады.