Пентагон Сириядагы "Ислам мамлекетинин"* лидери жок кылынганын ырастады

Пентагон бул аскердик операция "Ислам мамлекети" үчүн дагы бир сокку болгондугун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Америкалык аскерлер Сирияда "Ислам мамлекети"* террордук тобунун лидерлеринин бири Абу аль-Хасан ал-Курейши жок кылынганын ырастап, операцияны "Сириянын эркин армиясы" оппозициялык кыймылы жүргүзгөнүн белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Октябрдын ортосунда Абу аль-Хасан ал-Хашими ал-Курейшинин өлүмү "Ислам мамлекети" үчүн дагы бир сокку болду. Бул операцияны "Сириянын Эркин армиясы" ишке ашырды", — деп айтылат АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын билдирүүсүндө.
Террордук уюмдун лидери кайсы жерде кандайча жок кылынганы айтылган эмес.
* Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.
Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик уюмдар. Тизме