БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Лейлек районунда талкаланган үйлөрүн куруп бергенден кийинки актуалдуу маселе кредит болуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева парламентте билдирди.
Анын анализи боюнча, чек ара аймагындагы Жаштык, Достук, Арка, Борбордук айылдарында 400гө жакын жарандын насыясы бар. Жалпы суммасы 40 миллион сомдон ашат. Мындан улам ал министрлер кабинетине кайрылды.
"Банктарга тапшырма берип кредитинин баарын жойдуруп берсеңиздер. Аларга каникул коюп берген учурда деле азыр эч кандай ишмердүүлүк жүргүзө алышпайт. Аймак калыбына келген жок. Ошондуктан кредитине каникул бербей баарын жоюп салсын. Банктарга кайрылсак жалгыз чечим кабыл ала албай жатышат. Ошондуктан өкмөттөн тапшырма керек. Бардык нерсе тонолгон, күйгөн, кыш келип калды, элдин кирешеси жок. Ошондуктан жалпы жоюп салууну суранам", — деди Темирбаева.
Эл өкүлү, мындан сырткары, иши жолго коюлган ишкерлерге эле пайызсыз кредит берилип жатканын айтып, жаңыдан баштоочуларга да көңүл буруу зарылчылыгын айтты.